Элдин жана өлкөнүн бүтүндөй аймактарынын окуялары чоң экранда. Талдыкорганда Казакстан Республикасы Президентинин Телерадиоберүү комплекси тарабынан уюштурулган «Хроникадан келечекке» аттуу кинолекторий өттү. Алгач көрүүчүлөргө балыкчы Күнтуган Тургынбаев тууралуу «Арал» даректүү тасмасы сунушталды. Эки күндүк программада 2024-жылдагы суу ташкындары тууралуу «Серт», Казакстан менен Жапониянын кызматташтыгы тууралуу «Кубаттуу өнөктөш», Каспий деңизиндеги метеорологиялык станциянын жетекчиси тууралуу «Кулалы аралынан келген адам» тасмалары да көрсөтүлдү. Көрсөтүүлөрдөн кийин тургундар кинорежиссерлор менен баарлашып, тасманын жаралышы менен тааныша алышты.
Данияр Жаныс, шаар тургуну:
– Аралдын тагдырын бизге 77 жаштагы Күнтуган Тургунбаевдин окуясы аркылуу көрсөтүштү. Анын баянын укканда, деңизди таптакыр башкача карай баштайсың жана ал мурда кандай болгонун түшүнөсүң. Албетте, бизди абдан кубанткан нерсе, соолуп бараткан Арал акырындык менен кайрадан суу менен толуп жатканы. Ал эми «Серт» тасмасына келсек, анын жаратуучулары чындап эле чоң эмгек жасашкан. Алар суу ташкынынан жапа чеккен аймактардын тургундары менен төрт-беш облуста жолугушкан. Алардын басып өткөн жолунан бир бүтүн тарыхты топтоп чыга алышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

