Түштүк Корея – Казакстандын ири инвестициялык өнөктөшү

Түштүк Корея – Казакстандын ири инвестициялык өнөктөшү

Корея Казакстандын эң ири соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири. Касым-Жомарт Токаев казак-корея тегерек үстөлдүн ачылышында белгилегендей, акыркы 30 жылда Астана менен Сеулдун ортосунда өз ара урматтоого, ишенимге жана чын жүрөктөн достукка негизделген бекем мамилелер орногон. Кореядан Казакстанга келген түз чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмү 12 миллиард доллардан ашты. Өлкөдө кореялык капиталы бар миңден ашык компания иштейт. Эки тараптуу соода жүгүртүү өткөн жылы 3 миллиард доллардан ашты жана бул көрсөткүч эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. Ушул максатта Казакстандын президенти казак-кореялык мамилелерди тереңдетүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, өнөр жай кооперациясы маанилүү ролду ойноорун билдирди.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Бүгүнкү күндө биздин биргелешкен ортобузда автоунаа, унаа жасоо металлургия жана башка тармактардагы 51 долбоор бар, алардын жалпы суммасы 4 миллиард доллардан ашат. Кореялык компанияларынын тажрыйбасы Казакстандын атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүш борбору экенин ишенимдүү далилдеди. Биздин максатыбыз - кеңири Евразия рыногуна кызмат көрсөтүүгө басым жасоо менен жергиликтүү компоненттерди, алдыңкы материалдарды, электр жабдууларын жана электрониканы камтыган толук интеграцияланган өнөр жай экосистемасын түзүү.


Кореянын инвестициялык жана технологиялык тажрыйбасы Казакстандын минералдык-чийки заттык дараметин өнүктүрүүдө суроо-талапка ээ болот. Бул өзгөчө азыр актуалдуу, анткени дүйнөлүк технологиялык жарыш башталып, өлкө жаңы тармактарда зарыл болгон маанилүү минералдардын олуттуу корлоруна ээ. Курулуш жана шаар курулушу жаатындагы кызматташтык да өз ара пайдалуу болот. Кантсе да, Касым-Жомарт Токаев баса белгилегендей, Казакстан инфраструктураны өнүктүрүү этабына кирди.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


–  Биз өлкө боюнча курулушту бир кыйла тездетүүнү көздөп жатабыз – транспорт жана коммуналдык кызматтардан баштап турак жай, социалдык инфраструктурага чейин. Мен муну президент катары өзүмдүн негизги артыкчылыктарымдын бири деп эсептейм. Биз Казакстанды бир чоң курулуш аянтчасына айландырууну пландап жатабыз, айрыкча ооруканалар, балдарды реабилитациялоо борборлору, көп функциялуу медициналык борборлор, заманбап мектептер, спорттук имараттар жана транспорттук инфраструктура сыяктуу социалдык объектилерге көңүл бурабыз.


Президенттин айтымында, энергетика эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкта ​​бирдей маанилүү ролду ойнойт. Hyundai Engineering компаниясы Карачаганак газды кайра иштетүүчү заводунун курулушуна катышып жатат. Транспорт жана логистика тармагында да көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Касым-Жомарт Токаев логистикалык долбоорлор үчүн биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады. Келечектеги Алатау шаары өз ара пайдалуу байланыштар үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай алат. Андан тышкары, агроөнөр жай комплексинин дараметин пайдаланууга болот. Казакстан Кореяга өзүнүн азык-түлүк экспортун көбөйтө алат жана кореялык ишкерлерге технологияларды айкалыштыруу менен баалуулуктар чынжырына интеграциялануу мүмкүнчүлүгүн бере алат. Мамлекет башчысы инвесторлор Казакстан өкмөтүнөн ар тараптуу колдоо ала турганын өзгөчө баса белгиледи.


Которгон: Илгиз Жамалбеков