Казакстан - Борбор Азиядагы Евробиримдиктин стратегиялык өнөктөшү. Бул тууралуу Европа Кеңешинин президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Мэрилин Джозефсон билдирди. Брюсселде Казакстан менен ЕБдин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү талкууланды. Тараптар соода, транспорт, санариптик технологиялар, туризм жана гуманитардык алмашууларга көңүл бурушту.
Мерилин Джозефсон, Европа Кеңешинин Төрагасынын эл аралык саясат боюнча кеңешчиси:
– Казакстан Республика күнүн белгилеп, эгемендүүлүк алгандан берки 35 жылдык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгарууда, өлкөнүн экономика, транспорт, санариптик байланыш жана башка тармактардагы тез өнүгүүсүн белгилеп жатат. Мунун баары Евробиримдик менен Казакстандын жигердүү өз ара аракеттенүүсүндө чагылдырылат. Бул кызматташтык азыркы учурда президент Токаевдин Брюсселге жасаган сапары учурунда жарыяланган стратегиялык өнөктөштүк форматында бекемделди. Азыркы глобалдык туруксуздук мезгилинде Казакстан Борбор Азияда ишенимдүү тирек болуп, аймактан тышкары тынч, гүлдөп-өнүккөн өнөктөштүктүн байланыштыруучу көпүрө жана демилгечиси катары кызмат кылат.
Ошондой эле, Европа Биримдигинин Казакстандагы элчиси Алешка Симкич Европа Биримдиги өлкөнүн көп багыттуу тышкы саясатын жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө умтулуусун колдой турганын белгилейт. Дипломат орто державалардын дүйнөлүк саясатка тийгизген таасирине өзгөчө көңүл бурду. Президент Касым-Жомарт Токаев алардын добушун күчөтүү зарылчылыгына бир нече жолу басым жасаган. Элчинин айтымында, бул позицияны Брюсселде да колдошот. Ошол эле учурда, Европа дипломаты Астананын эл аралык байланыштарынын интенсивдүүлүгүнө өзгөчө таасирленген.
Алешка Симкич, Европа Биримдигинин Казакстан Республикасындагы элчиси:
– Кээде биз Казакстандын мындай кеңири эл аралык мамилелерди кантип сактап калганына таң калабыз. Биз өлкө жетекчилигинин чет өлкөлөргө активдүү сапарларды жасап, чет элдик делегацияларды кабыл алганын көрүп жатабыз. Бул жерде иштеген эки жыл ичинде Астанага жана Алматыга, анын ичинде Европа өлкөлөрүнөн да көптөгөн жогорку деңгээлдеги сапарлар болду. Бул Казакстандын достук тышкы саясатынын аркасында дүйнөдө кандай маанилүү орунду ээлеп турганын көрсөтүп турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

