Сеулда Казакстандын Президенти бир катар жолугушууларды өткөрдү

Сеулда Казакстандын Президенти бир катар жолугушууларды өткөрдү

Учурда Сеулда мамлекеттик сапар менен жүргөн Казакстандын президенти БУУнун мурдагы башкы катчысы жана Глобалдык жашыл өсүш институтунун төрагасы Пан Ги Мунду кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жашыл экономикага өтүүсүнө колдоо көрсөтүүдөгү институттун ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Пан Ги Мун өз кезегинде Казакстандын туруктуу өнүгүүдөгү жетишкендиктерин кубаттап, глобалдык климаттык күн тартиби боюнча андан ары кызматташууга болгон берилгендигин тастыктады. Эки лидер ошондой эле БУУну реформалоо боюнча пикир алмашышты.


Касым-Жомарт Токаев Hanwha Group компаниясынын төрагасынын орун басары Ким Дон Вон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Талкуунун негизги темасы инвестициялык жана технологиялык кызматташтык болду. Жолугушууда мамлекет башчысы Казакстанда улуттук жасалма интеллект экосистемасын түзүү жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жөнүндө сөз кылды. Президент Hanwha Group компаниясына өлкөнү Борбордук Азия рынокторуна чыгуу үчүн технологиялык платформа катары колдонуп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Ким Дон Вон өз кезегинде корпорация Казакстан менен 1997-жылдан бери кызматташып келе жатканын жана Hanwha Group бул кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатканын билдирди.


Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Lotte Group компаниясынын төрагасы Дон Бин Шин менен жаңы инвестициялык долбоорлорду талкуулады. Компания аларды тамак-аш өнөр жайында, логистикада жана мейманкана тармагында ишке ашырууну көздөп жатат. Казакстандын президенти Алматыда Lotte брендинин биринчи мейманканасын куруу боюнча келишимге кол коюлушун кубаттады. Ошондой эле компания Iconic комплексин кошо алганда, Alatau City өнүктүрүү долбоорлоруна катышууну пландаштырууда.


Мамлекет башчысы мындан тышкары Hyundai Motor Group компаниясынын президенти стратегия жана пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы Сунг Кимди кабыл алды. Корея тараптан жолугушууга Hyundai Engineering жана Kia компанияларынын өкүлдөрү да катышты. Президент өлкөнүн Казакстанды автоунаа өндүрүү жана экспорттоо боюнча ири аймактык хабга айландыруу максаттарын баса белгиледи. Толук циклдүү заводдорду түзүү жана электр унааларын жөнөкөйлөтүлгөн түрдө өндүрүү өнөктөштүктүн маанилүү багыты болушу мүмкүн. Жолугушуунун жыйынтыгында Батыш Казакстанда газды кайра иштетүүчү заводду куруу жана жаңы Hyundai Tucson унаасын чыгаруу боюнча келишимдер алмашылды.


Казакстандын президенти ошондой эле KIND корпорациясынын башкы мүдүрү Ким Бок Хван менен Алатау шаарын өнүктүрүү маселесин талкуулады. Касым-Жомарт Токаев кореялык тарапты жаңы шаардын инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлоруна катышууга чакырды. Эки тарап биргелешкен инвестициялык фонд түзүү, Актау жана Курык портторун, ошондой эле аймактык аэропортторду өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үч документ менен алмашышты, анын ичинде KINDдин Alatau Smart City долбоорунун башкы планын иштеп чыгууга катышуусу жөнүндө келишим да бар.


Которгон: Илгиз Жамалбеков