Казакстандын Президенти
бүгүн Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын бейформал
консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Чолпон-Атага келди. Касым-Жомарт
Токаевди аэропорттон Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы —
Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн
жана Азербайжандын лидерлеринин бейформал жолугушуусу аймактык кызматташтыкты
бекемдөөгө жана көп тараптуу өнөктөштүктүн мындан аркы артыкчылыктарын
аныктоого арналды. Казакстандын Президенти өз сөзүндө өлкөлөрдүн ортосундагы,
анын ичинде бардык деңгээлдердеги байланыштардын жигердүүлүгү мамлекеттердин
аймактын өнүгүп-өсүшү үчүн өз ара аракеттенүүгө болгон жалпы умтулуусун айкын
көрсөтүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул аракеттер өз натыйжасын
берүүдө. Борбор Азия азыркы тарыхындагы эң ийгиликтүү мезгилдердин бирин баштан
кечирүүдө. Аймактын дүйнөлүк процесстердеги ролу да өсүүдө. Мунун дагы бир
далили - Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп
шайланышы.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
– Бул багыттагы маанилүү
жетишкендиктердин бири — Борбор Азияны XXI кылымда өнүктүрүү максатындагы
Достук, коңшулаштык жана
кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу жол-жобосунун аякташы болду. Бул
тарыхый документ стратегиялык өнөктөштүгүбүздө жаңы этапты белгилеп, өз ара
ишенимге, урматтоого жана боордош элдерибиздин жалпы келечеги үчүн
жоопкерчиликке негизделген аймактык кызматташтыктын саясий негизин түзөт.
Касым-Жомарт Токаев Түркмөнстандын Президентинин Келишимге кошулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысынын пикиринде, кийинки этапта документтин жоболорун иш жүзүндө аткарууга басым жасалышы керек. Бул үчүн мындан аркы иш-чаралардын планын иштеп чыгуу зарыл. Ал эми Азербайжандын Консультативдик жолугушууларга толук кандуу катышуучу катары кошулушу бул форматтын өнүгүүсүндө жаңы этапты баштады.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
– Акыркы жылдары аймак
ичиндеги соода жүгүртүү туруктуу өсүп, ишкердик байланыштар кеңейүүдө.
Биргелешкен ишканалар түзүлүп, инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда,
гуманитардык байланыштар чыңдалууда. Маданий, билим берүү жана жаштар
арасындагы алмашуулар да жаңы мазмун менен толукталууда. Бул оң натыйжалар
боордош элдердин мындан ары да
жакындашуусуна жана аймактын эл аралык аброюн бекемдөөгө өбөлгө түзүүдө.
Президент Касым-Жомарт
Токаев аймактагы мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнө байланышкан негизги
маселелердин бардыгы былтыр Ташкентте өткөн жолугушууда кеңири талкууланганын
белгиледи. Анда айтылган сунуштар, анын ичинде Консультативдик жолугушуулардын
өзүн өнүктүрүүгө байланыштуу демилгелер да актуалдуулугун сактап турат.
Казакстан жетишилген макулдашууларга берилгендигин билдирип, мамлекеттер
ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да илгерилетүүгө умтулат. Борбор
Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын бейформал Консультативдик
жолугушуусунун жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынды.
Которгон: Назира Бегалиева

