Республика күнүнө карата Астанада Казакстандын көрүнүктүү инсандары тууралуу көргөзмө ачылды

Республика күнүнө карата Астанада Казакстандын көрүнүктүү инсандары тууралуу көргөзмө ачылды

Казакстандын Улуттук музейинде Республика күнүнө жана өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Ал Казакстандын өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү мекендештер – окумуштуулар жана артисттер тууралуу баяндайт. «Эгемендүүлүк бийиктигиндеги инсандар: илим жана маданият ишмерлери» аталышындагы экспозицияда алардын буюмдары, эмгектери, сыйлыктары, сүрөттөрү жана архивдик материалдары коюлган. Көргөзмө жаш муундарды таланттуу казакстандыктардын мурасы менен тааныштырууга багытталган. Алардын арасында – Асанали Ашимов, Булат Аюханов, Кенес Сагадиев, Кемел Акишев, Роза Рымбаева, Кунсулу Закарья бар. Биология илимдеринин доктору үчүн изилдөөгө болгон сүйүү бала кезинен эле пайда болгон. Анын апасы жарым кылымдан ашык химия мугалими болуп иштеп, кызына жаратылыш илимдерине болгон кызыгуусун ойготкон. Андан кийин олимпиадалар жана алгачкы изилдөө долбоорлору болгон. Ушундайча, кызыгуу кесипке айланган. Коронавирус пандемиясы учурунда Кунсулу Закарья QazVac вакцинасын иштеп чыгууну жетектеген. Бул долбоор ата мекендик илимдин маанилүү жетишкендиги болуп, казакстандык адистердин коркунучтуу инфекциялар менен күрөшүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.

Кунсулу Закарья, биология илимдеринин доктору, профессор, Аль-Фараби атындагы илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты:

– Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин чоң колдоосу менен Казакстан Республикасынын биологиялык коопсуздугу жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Анын алкагында "Казбиофарм" улуттук холдинги түзүлдү. "Казбиофарм" улуттук холдингинин курамына кирген институттар ветеринария жана саламаттыкты сактоо тармагында 50дөн ашык ар кандай вакциналарды иштеп чыгышты. Вакциналардын айрым түрлөрү экспортко чыгып, коңшу өлкөлөргө таратылып, биз илимдин жетишкендиктерин Казакстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да көрсөтүп жатабыз.

Казакстандын тарыхында Узбекали Жанибеков өзгөчө орунду ээлейт. Ал өз өмүрүн улуттук маданиятты жана салт-санааларды изилдөөгө арнаган. Анын демилгеси менен 1988-жылы республикада Нооруз майрамын белгилөө жандандырылган. Ошондой эле, ал Хожа Ахмет Ясавинин мавзолейи жана байыркы Отрар шаары сыяктуу тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүү үчүн күрөшкөн. Окумуштуу унутулуп калган ысымдарды жана эмгектерди, айрыкча «Алаш» кыймылынын ишмерлерин кайтарууга өзгөчө көңүл бурган. Узебакли Жанибековдун катышуусу менен музейлер ачылып, фольклордук-этнографиялык жамааттар түзүлүп, казак элинин салттуу кол өнөрчүлүгү изилденген.

Бауыржан Жанибеков, Узбекали Жанибековдун уулу:

– Ал Түркестан облусунун Отырар районунда, Отырар шаарына жакын жерде, археологиялык казуулар тынымсыз жүргүзүлүп келген аймакта төрөлгөн. Бул ага башынан эле из калтырган. Бул жерде Аль-Фараби, атактуу композиторлорубуз, ырчыларыбыз, артисттерибиз Мухтар Шаханов, Шамшы Калдаяковдун туулган жери. Күн сайын, кечинде чеберлер, сүрөтчүлөр, тарыхчылар келип, алардын баары менен кандайдыр бир иштерди жүргүзүп, талкууларды жүргүзчү. Тактап айтканда, алар чийип, боёп, көбүн үйдө жасашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков