Премьер-Министр Экономикалык саясат боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү

Премьер-Министр Экономикалык саясат боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү

Казакстанга чет элдик инвестициялардын агымын көбөйтүү маселеси Премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында өткөн Экономикалык саясат кеңешинин жыйынында талкууланды. Серепчилер  жеке ишкердикти өнүктүрүү жана чет элдик капиталды тартуу боюнча сунуштарды беришти. Ошондой эле, жыйында дүйнөлүк рыноктордогу абал жана Казакстандын өнөр жай саясатын өркүндөтүү боюнча демилгелер каралды. Негизги көңүл чийки зат эмес секторду өнүктүрүүгө, экспортту көбөйтүүгө жана стратегиялык инвесторлорду тартууга бурулду. Жыйындын жыйынтыгында премьер-министр жооптуу мамлекеттик органдарга сунушталган сунуштарды талдоону тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков