Павлодар облусунда Курултайга шайлоо 522 шайлоо участкасында өтөт

Павлодар облусунда Курултайга шайлоо 522 шайлоо участкасында өтөт

Казакстандыктар Курултайга шайлоодо добуш берүүчү өз участкасы тууралуу маалыматты онлайн режиминде оңой жана ыңгайлуу жолдор менен ала алышат. Мисалы, электрондук өкмөттүн порталын же мобилдик тиркемесин колдонсо болот. Мындан тышкары, Павлодар облусунун тургундары үчүн атайын Telegram-бот да бар. «Шайлоо участкасын издөө» кызматында ИИНди киргизүү жетиштүү. Андан кийин система автоматтык түрдө участканы аныктап, дарегин көрсөтөт. Маалыматты 109 бирдиктүү номери аркылуу, шаарлардагы жана райондордогу колл-борборлор, ошондой эле акимчиликтердин расмий интернет-ресурстары аркылуу да алууга болот. Белгилей кетсек, аймакта жалпысынан 522 шайлоо участкасы ачылган.

Гульсим Суйиндикова, Павлодар облустук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:

–  Азыркы учурда участкалык комиссияларда шайлоочулардын тизмеси менен иш жүрүп жатат, баш оона айынын 7нен  баштап ар бир шайлоочу өзүнүн шайлоо участкасына келип, документин көрсөтүп, тизмеде бар-жогун, маалыматтардын туура жазылганын текшере алат.

Которгон: Назира Бегалиева