National Think Tank Forum форумунда Казакстандын өнүгүү багыттары талкууланды

National Think Tank Forum форумунда Казакстандын өнүгүү багыттары талкууланды

Казакстан өнүгүүнүн жаңы баскычында, мында адам капиталы, жасалма интеллект жана технологиялык модернизация барган сайын чоң роль ойнойт. Туруктуу өнүгүүнүн жаңы багыттары тууралуу бүгүн Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институту уюштурган Улуттук аналитикалык борборлор форумунун катышуучулары сүйлөшүштү. БУУнун Казакстандагы өнүгүү программасынын туруктуу өкүлү Катаржина Вавьернианын айтымында, өлкө санариптик негизин бекемдеп, эл аралык рейтингдерде позициясын жакшыртты.  БУУнун электрондук өкмөттү өнүктүрүү индексинде республика 24-орунга көтөрүлүп, алдыңкы 25 өлкөнүн катарына кирди. Санариптик инфраструктура кеңейүүдө. Электрондук мамлекеттик кызматтардын саны жана технологиялык өндүрүштөрдүн үлүшү өсүүдө.


Катаржина Вавьерниа, БУУнун Казакстандагы өнүгүү программасынын туруктуу өкүлү:


- Казакстан буга чейин бекем санариптик инфраструктураны түзгөн. Эми бардык элементтерди бири-бири менен кантип байланыштырууну түшүнүү маанилүү: бул инфраструктураны, камтууну жана жеткиликтүүлүктү натыйжалуу мамлекеттик башкарууга жана жарандардын кеңири катышуусу менен башкарууга кантип айландыруу керек. Мындан ары өнүгүүгө өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда, адам капиталы - бул социалдык фактор гана эмес, өлкөнүн экономикасына эң маанилүү инвестиция экендигин түшүнүү керек. Эми басым жеткиликтүүлүк жана камтуудан сапатка которулат. Бул айрыкча билим берүүдө байкалат - жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу гана эмес, экономиканын муктаждыктарына жооп берген билимге жана көндүмдөргө ээ адистерди даярдоо маанилүү.


БУУнун Казакстандагы туруктуу өкүлү баш оона айынын 23дө өтө турган Курултайга шайлоо өлкөнү масштабдуу реформалоонун жана ырааттуу модернизациялоонун бир бөлүгү экенин белгиледи. Катаржина Вавьерниянын айтымында, бул өзгөрүүлөр өлкөнү мындан ары өнүктүрүүгө жана мамлекеттик институттарды бекемдөөгө багытталган. Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрү Жандос Шаймарданов Казакстан бардык тармактардын туруктуу өнүгүүсүн көрсөтүп жатканын белгиледи. Айтымында, азыр өлкөгө жаңы милдеттерди коюу жана жаңы күн тартибин түзүү керек, ошондуктан жакынкы беш, он жылга жана андан да узак мөөнөттүү мезгилге стратегиялык артыкчылыктарды аныктоо маанилүү.


Жандос Шаймарданов, Казакстандын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрү:


- Баарыбыз өлкө өнүгүүнүн жаңы тарыхый циклине киргенин көрүп турабыз, жаңы конституцияны кабыл алуу, жаңы саясий институттардын ишинин башталышы менен биз жаңы доорго кадам таштап жатабыз. Алдыбызда жаңы милдеттер турат. Ички жана тышкы кырдаалдын өзгөрүшүн көрүп турабыз. Жасалма интеллекттин активдүү өнүктүрүү.  Бул азыр Казакстанда биринчи номердеги күн тартип, билесиздер. Бул жыл санариптештирүү жылы деп жарыяланды. Бир жылдык күн тартип эмес. Ал кийинки жылдары да уланат. Ал мындан ары өнүгө берет. Жасалма интеллектти мектеп билим берүүсүнө киргизүү боюнча атайын жарлык кабыл алынгандыгын да билесиздер. Ошондуктан күн тартиби абдан кеңири.

Которгон: Назира Бегалиева