Чет өлкөдөгү казакстандыктар үчүн 79 шайлоо тилкеси ачылат

Чет өлкөдөгү казакстандыктар үчүн 79 шайлоо тилкеси ачылат

Чет өлкөлөрдө жашаган казакстандыктардын добуш берүүсүнө даярдык аяктап жатат. Курултайдын депутаттарын шайлоого арналган бюллетендер чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелерине баш оона айынын 20ына чейин жеткирилет. Жалпысынан Казакстандын 61 өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдында 79 шайлоо тилкеси иштейт. Республика боюнча жана чет өлкөлөрдө жалпысынан 10 миң 400дөн ашык шайлоо тилкеси даярдалды. Алар тууралуу маалыматты электрондук өкмөттүн порталы аркылуу текшерүүгө болот. Эске салсак, добуш берүү саат 07:00дө башталып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө аяктайт. Ошол эле учурда айрым шайлоо тилкелеринде, атап айтканда, аскер бөлүктөрүндө, алыскы вахталык айылдарда, ооруканаларда жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө, шайлоочулардын тизмесине киргизилген бардык жарандар добуш берип бүтсө, комиссия добуш берүүнү белгиленген убакыттан эрте аяктата алат.

Нурлан Абдиров, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:

– Эл аралык байкоочулардын катышуусу шайлоо өнөктүгүнүн ачыктыгына жана айкындуулугуна, мамлекет тарабынан эл аралык милдеттенмелердин сакталышына өбөлгө түзөрүн дагы бир жолу белгилеп өткүм келет. Бул биздин эл аралык милдеттенмелерибизди аткарууга берилгендигибиздин, ошондой эле эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен шайлоо тармагындагы тыгыз кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү улантып жатканыбыздын далили болуп саналат.

КМШ миссиясынын байкоочулары Казакстандагы шайлоо алдындагы өнөктүктү баалашты

КМШнын байкоочулар миссиясы шайлоо алдындагы өнөктүктүн жүрүшүнө оң баа берди. Аралык отчетто шайлоого катышып жаткан жети саясий партиянын баарына үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бирдей шарттар түзүлгөнү айтылат. Алар үчүн салттуу жана санариптик аянтчалар жеткиликтүү болду. Өлкө боюнча коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн 4 миң 300дөн ашык жай, ал эми басма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн дагы 8 миңден ашык орун бөлүндү. Байкоочулар шайлоочуларга маалымат берүүдө колдонулган санариптик куралдарга да өзгөчө көңүл бурушту. Алардын катарында Sailau AI, eGov, SMS-билдирүүлөр жана банктык тиркемелер бар. КМШнын Байкоочулар миссиясы шайлоого акыркы баасын баш оона айынын 23ү добуш берүүдөн кийин берет.

Которгон: Назира Бегалиева