Казакстандын маслихаттарынын кезексиз шайлоосуна 10 971 талапкер катталды, шайлоо жетинин айынын 29да өтөт. Алардын ичинен 1 219у партиялык тизмелер боюнча. Дагы 9 752 талапкер бир мандаттуу округдардан катталган. Аялдардын жана жаштардын үлүшү тизмелерде 43%дан ашат. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын экинчи жыйынында жарыялашты. Ошондой эле, бюллетендерде жети саясий партиянын жайгашуу тартиби аныкталды. Ирети чүчүкулак кармоо жолу менен белгиленди. Ал ортодо шайлоо алдындагы үгүт иштери уланууда. Ал жетинин айынын 1нен саат 18:00дөн кийин башталып, 28-күнү түн ортосунда аяктайт. Бул күн тынчтык күнү деп жарыяланды.
Ляззат Сүйиндик, БШК мүчөсү:
– Шайлоо күнү жана ага чейинки күнү ар кандай шайлоо үгүт иштерине тыюу салынганын эскертким келет. Буга чейин илинген басма үгүт материалдары мурдагы жерлеринде калтырылышы мүмкүн. Интернетте жайгаштырылган үгүт материалдары да мурдагы жерлеринде калтырылат. Аларды интернет-ресурстардын башкы беттерине чыгарууга жол берилбейт. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарын, шайлоонун жыйынтыктары боюнча божомолдорун, шайлоого байланыштуу башка изилдөөлөрдү, ошондой эле саясий партияларды колдоо боюнча добуш берүүлөрдү массалык маалымат каражаттарында жана онлайн платформаларда добуш берүү күнүнө беш күн калганда жана добуш берүү күнү жарыялоого жол берилбейт.
БШКнын жыйынында бюллетендер көрсөтүлдү. Алар ар кандай түстө болот. Ар биринде «Баарына каршы» деген графа болот. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн БШК эки санариптик кызматты ишке киргизди. Биринчиси жарандын туруктуу каттоосун текшерүүгө жана жазуу түрүндөгү арызы болсо, шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө мүмкүндүк берет. Кызмат беш миңден ашуун участкада жеткиликтүү болот. Экинчиси туруктуу каттоосу жок казакстандыктар үчүн. Анын жардамы менен алар добуш берүү күнүнө убактылуу каттоого ээ боло алышат. Эки кызмат тең жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрликтери, ошондой эле ички иштер министрликтери менен биргеликте иштелип чыккан. Бул жарандардын добуш берүү укугун ишке ашыруусуна жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

