Курултайда шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен Касым-Жомарт
Токаевди телефон аркылуу Сербиянын Президенти куттуктады. Александр Вучич
жарандардын президенттик реформалар курсун жогорку деңгээлде колдогонун белгиледи.
Мамлекет башчысы кесиптешине ыраазычылык билдирип, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан
ички саясий өзгөрүүлөр тууралуу маалымдады. Сүйлөшүүчүлөр казак-серб
мамилелеринин абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, эки тараптуу өнөктөштүктүн
туруктуу динамикасын белгилешти.
Касым-Жомарт
Токаев Армениянын Премьер-министри менен да телефон аркылуу сүйлөштү. Никол
Пашинян бир палаталуу Курултайга шайлоону ийгиликтүү өткөргөндүгү менен
куттуктап, бул окуянын Казакстан үчүн тарыхый маанисин белгиледи. Президент
Армениянын премьер-министрине жылуу куттуктоосу жана өлкөнүн өкүлдөрүнүн эл
аралык байкоочулар миссиясынын курамына активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык
билдирди. Тараптар ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык
кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Которгон: Назира Бегалиева

