Казакстан менен Ватикан оор жана айыкпас дартка чалдыккан балдардын укуктарын коргоого багытталган биргелешкен документ иштеп чыгууда. Хартиянын долбоору Астанада өткөн экинчи биргелешкен коллоквиумда талкууланды. Жыйындын ачылышына Вице-президент Ерлан Карин жана Ыйык Тактын Диндер аралык диалог боюнча Дикастериясынын префекти, кардинал Джордж Джейкоб Кувакад катышты. Ерлан Кариндин айтымында, диндер аралык баарлашуу конкреттүү гуманитардык демилгелерге алып келиши керек. Ал эми оор дартка чалдыккан балдардын өмүрүн, саламаттыгын жана кадыр-баркын коргоо – анын маанилүү багыттарынын бири. Хартияны иштеп чыгууга Ватикандын «Бамбино Джезу» госпиталы да жардамдашууда. Аталган оорукана Казакстандагы University Medical Center менен кызматташтыкты орноткон. Буга чейин Ерлан Карин кардинал Джордж Кувакад менен жолугушуп, Съезддин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү жана биргелешкен гуманитардык долбоорлорду талкуулаган. Кардинал Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге Рим Папасы он төртүнчү Леонун саламын жеткирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

