Кытайдын Иу шаарында казакстандык «Silk Way Star» эл аралык вокал сынагынын экинчи сезону расмий башталды. Быйыл бул долбоорду Кытайдын улуттук телеканалы - CCTV тасмага тартып жатат. Сынак 12 өлкөнүн - Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Вьетнам, Малайзия, Түркия, Сербия, Түштүк Африка, Жаңы Зеландия, Бразилия жана Грузиянын алдыңкы вокалисттерин бириктирет. Биздин өлкөнүн атынан Рухия Байдукенова катышууда. Белгилей кетсек, «Silk Way Star» - бул чет өлкөлөрдө ишке ашырылып жаткан биринчи казакстандык маданий-медиа долбоору.
Которгон: Назира Бегалиева

