Аль-Фарабинин мурасын сактоо жана жайылтуу 150дөн ашык ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулардын катышуусундагы эл аралык симпозиумдун негизги темасы болду. Иш-чарага вице-президент Ерлан Карин катышты. Ал мамлекет башчысынын атынан куттуктоо сөзүн окуду. Касым-Жомарт Токаев улуу ойчулдун идеяларын терең изилдөөнүн жана аларды жаштар арасында жайылтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ерлан Карин, Казакстан Республикасынын вице-президенти:
– «Аль-Фараби өзүнөн кийин уникалдуу мурас калтырып, жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалаган. Анын акылман адам жана адептүү коом жөнүндөгү окуусу эч качан өз актуалдуулугун жоготпойт. Аль-Фарабинин көз караштары биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздүн ажырагыс бөлүгү болуп калган «Таза Казакстан» жана «Адал азамат» идеялары менен толук үндөшөт, — деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын 10 номинациясы ИСЕСКОнун мурас тизмесине кириши мүмкүн
Симпозиумдун алкагында Ерлан Карин Ислам дүйнөсүнүн билим, илим жана маданият уюмунун башкы мүдүрү Салим Аль-Малик менен жолугушту. Вице-президент мамлекет башчысынын Аль-Фарабинин мурасын эл аралык деңгээлде жайылтууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык сөздөрүн жеткирди. Тараптар ошондой эле 2027-жылы ислам дүйнөсүнүн маданий борбору боло турган Түркестан шаарындагы иш-чараларды даярдоо маселесин талкуулашты. Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин съездинин алкагындагы кызматташтыкка, тынчтык үчүн глобалдык кыймылды түзүү демилгесин илгерилетүүгө жана уюмдун катчылыгы жана съезддин алдыдагы иш-чараларын даярдоого катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, казакстандык он номинацияны Уюмдун мурастар тизмесине киргизүү мүмкүнчүлүгү каралды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

