Казакстанда Курултай депутаттарын шайлоосунун алдын ала жыйынтыктары боюнча үч экзитполдун натыйжалары жарыяланды. Сурамжылоолорду Евразия интеграция институту, «Социс-А» комплекстүү социалдык изилдөөлөр институту жана Коомдук саясат институту жүргүздү. Экзитполдор шайлоо участкаларынан чыккан жарандар менен маектешүү форматында стандарттык эл аралык методология боюнча өткөрүлдү. Алар шайлоонун алдын ала окшош жыйынтыктарын көрсөтүп турат. Мисалы, респонденттердин 70% дан ашыгы «Адилет» партиясына добуш бергенин билдиришкен. Беш пайыздык тоскоолдукту «Айыл», Respublica, «Ак жол» жана Жалпы улуттук социал-демократиялык партиялары өтүшкөн. Көз карандысыз сурамжылоолордун негизинде түзүлгөн үч экзитполдун алдын ала маалыматы боюнча, жаңы бир палаталуу парламентке жети саясий партиянын бешөө кириши мүмкүн.
Которгон: Назира Бегалиева

