Курултайга алгачкы шайлоо — өлкө үчүн тарыхый окуя

Курултайга алгачкы шайлоо — өлкө үчүн тарыхый окуя

Бүгүн Курултай депутаттарын шайлоодо шайлоо тилкелеринде биринчилерден болуп мамлекеттик ишмерлер добуш беришти. Премьер-министр Олжас Бектенов өз добушун берди. Эгемендүүлүк сарайында Президенттин Администрациясынын башчысы Роман Скляр добуш берсе, Президенттин Администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Ерлан Карин өлкөнүн Улуттук академиялык китепканасында добуш берди. Ал президенттик реформалардын жана Курултайга шайлоолордун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, алар институционалдык кайра жүктөө жана түп-тамырынан жаңы саясий моделге өтүүнү билдирет.


Ерлан Карин, Президенттин Администрация башчысынын биринчи орун басары:


– Бул шайлоону чындап эле катардагы шайлоо деп атоого болбойт. Албетте, ар бир шайлоо өнөктүгү маанилүү. Бирок азыркы шайлоону тарыхый окуя деп атоого болот. Жалган куран  айында биз жаңы Конституцияга добуш бердик, ал теке айынын 1и күчүнө кирди. Ал эми бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы менен жаңы бир палаталуу Парламенттин – Курултайдын курамы аныкталат. Бул жаңы доордун башталышы.


Курултайга шайлоого катышып жаткан өкмөттүн башка мүчөлөрү, ошондой эле жети саясий партиянын лидерлери да өз тандоолорун жасады.


Которгон: Назира Бегалиева