Касым-Жомарт Токаев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын спикери Чо Чжон Шик менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды, соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү, маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы кореялык парламентарийлерге Казакстандагы мамлекеттик башкаруунун жаңы архитектурасын түзүүгө багытталган саясий реформалардын мазмуну жөнүндө айтып берди. Касым-Жомарт Токаев акыркы жылдары парламенттер аралык диалогдун тереңдешип жатканын белгилеп, Курултайдын депутаттары тарабынан иш улантылаарын белгиледи. Өз кезегинде Чо Чжон Шик Президентти өлкөдөгү конституциялык реформаны жана парламенттик шайлоолорду ийгиликтүү өткөргөндүгү менен куттуктап, бул Президент Касым-Жомарт Токаевге болгон жогорку ишенимди билдирерин белгиледи. Улуттук Ассамблеясынын спикери жазында Казакстанга катышууну көздөп жаткан Корея Республикасынын жана Борбор Азия мамлекеттеринин парламент төрагаларынын 4-жыйыны да байланыштарды бекемдөөгө салым кошоорун баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

