Курултай шайлоосунда шайлоочулардын тизмеси онлайн жеткиликтүү

Курултай шайлоосунда шайлоочулардын тизмеси онлайн жеткиликтүү

Казакстанда баш оона айынын 7синен  баштап шайлоочулардын онлайн тизмеси текшериле баштады. Ушул айдын 23үндө өтүүчү Курултайга шайлоого чейин казакстандыктар кайсы шайлоо участогунда добуш беришерин алдын ала биле алышат. Бул тууралуу тиешелүү маалыматтар камтылган электрондук кызматтар өлкө боюнча ишке кирди. Текшерүү үчүн сайттардын бирине кирип, аймагыңызды тандап, жеке идентификациялык номерди (ЖИН) киргизүү жетиштүү. Система дароо участоктун номерин жана дарегин көрсөтөт. Маалыматты «Таанымал кызматтар» бөлүмүндөгү eGov Mobile тиркемесинен же атайын QR-коддор аркылуу да текшерсе болот. Эгер тизмеде маалымат жок болсо, жашаган жериңиз боюнча участкалык шайлоо комиссиясына жеке кайрылып, тактоого туура келет.

Которгон: Назира Бегалиева