KGIR-2026 алкагында 4,8 млрд долларлык келишимдерге кол коюлду

KGIR-2026 алкагында 4,8 млрд долларлык келишимдерге кол коюлду

Дүйнөлүк инвестициялар боюнча тогузунчу Казакстандык тегерек үстөлдүн алкагында дээрлик 5 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлду. Эл аралык форум Шымкентте 40тан ашуун өлкөнүн 500дөн ашык инвесторун жана бизнес өкүлдөрүн чогултту. Жалпысынан 22 документке кол коюлду – алар энергетика, өнөр жай, санариптик чөйрө жана социалдык инфраструктурадагы ири долбоорлорду ишке ашырууну караштырат. Атап айтканда, Костанай облусунда шамал электр станциясын, Экибастузда маалымат борборун, Курык портунун жаңы терминалын куруу пландалууда. Премьер-министр Олжас Бектенов ишкер чөйрөлөргө Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, кызматташтыктын артыкчылыктуу тармактары, инвесторлорду колдоо жана коргоо механизмдери жөнүндө маалымдады. Эске салсак, акыркы 5 жылда гана өлкөгө 100 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков