«Жасалма интеллект технологияларынын тез өнүгүшүнүн аркасында дүйнөлүк экономика азыр фундаменталдык өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат». Президент Касым-Жомарт Токаевдин бул сөздөрү «Адилеттүү коомго – акыйкат сөз» жыйнагына кирген. 300 барактан ашык көлөмдөгү басылмада Мамлекет башчысынын 30 жылдан ашык ишмердүүлүгүндөгү сөздөрү камтылган. Китеп адилеттүүлүк, мыйзам жана тартип, илим, маданият, жаштар жана санариптештирүү маселелерине арналган 21 бөлүмдөн турат. Санариптик технологияларды өнүктүрүү өзгөчө орунду ээлейт, муну Президент өлкөнүн артыкчылыктарынын бири деп аныктайт. Серепчилер белгилегендей, Казакстан Борбордук Азияда жасалма интеллект инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча алдыңкы орундарды ээлейт. Бул багыт мамлекеттик колдоо жана олуттуу инвестициялар менен бекемделет.
Шамиль Ибрагимов, MIT өнүгүү жана ишкердик борборунун изилдөө мүдүрү, АКШ:
– MITде жергиликтүү өнөктөштөр, мисалы, Silk Road Innovation Hub менен биргеликте жасалган изилдөөнүн презентациясын жасадык. Бул изилдөөдө биз Борбордук Азияда жана Казакстанда, балким, жасалма интеллекттин инфраструктурасына инвестиция салуу жагынан эң алдыңкы орунда турабыз деп көрсөтөбүз. Биз күчтүү саясий эркти көрүп жатабыз, жана бул саясий эрк инфраструктурага инвестиция салуу аркылуу олуттуу каржылык чыгымдар менен колдоого алынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

