«Келечек оюндары-2026» турнири финалга чыкты

«Келечек оюндары-2026» турнири финалга чыкты

Астанада масштабдуу мультиспорттук «Келечек оюндары» турнири финалдык баскычка чыгууда. Казакстандын баш калаасынын спорттук ареналарында бир жумадан ашык убакыттан бери салттуу спорт заманбап санариптик технологиялар менен айкалышып келет. Баш оона айынын 9на чейин улана турган турнирде азыр Mobile Legends жана Phygital Dancing сыяктуу дисциплиналар боюнча мелдештер өтүп жатат. Акыркы болуп Казакстандын улуттук тандоосунун жеңүүчүсү – Гүлназ Амангали көрсөтүп жатат. Эреже боюнча – катышуучулар алгач бий симуляторунда чеберчилигин көрсөтүп, андан кийин сахнада соттордун жана көрүүчүлөрдүн алдында толук кандуу бий номерин аткарышат. Эки этаптын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталат. Биринчи раундда Гүлназга 19 жаштагы колумбиялык Андрес Гуардо атаандаш болгон. Ал эми чечүүчү раундда биздин мекендешибиз атаандашына утулуп калды.

 

Гульназ Амангали, «Келечек Оюндары – 2026» катышуучусу:


– Бул жерде визуалдык баалоо жүргүзүлбөйт, жыйынтык упайлардын негизинде гана аныкталат. Мага өз билимим чоң жардам берди. Даярданууга убактым өтө аз болду. Оюнга мүмкүнчүлүк алгандан кийин болгону бир ай он күн гана даярдандым. Менин оюмча, ушунчалык кыска убакытта жетишкен бул жыйынтык абдан жакшы көрсөткүч болду.

Ошондой эле «Келечек оюндары» мелдешинин алкагында Mobile Legends дисциплинасы боюнча плей-офф баскычы өтүп, анын жыйынтыгында чейрек финалга чыккан командалар аныкталды. Белгилей кетсек, бул дисциплина дүйнөдөгү мобилдик киберспорттун эң популярдуу түрлөрүнүн бири болуп саналат.


– Мен дүйнөдөгү эң күчтүү киберспорттук командалардын бири болгон Team Spirit командасына күйөрмандык кылуу үчүн келдим.

– Менимче, киберспорт адамдын мүмкүнчүлүгүн ачып, ар кимге өзүнө чындап жаккан иш менен алектенүүгө шарт түзөт.

– Өзүңүз киберспортчу болгуңуз келбейби?
– Каалагам. Бирок азырынча командам жок, учурда издеп жүрөм.

Белгилей кетсек, быйыл «Келечек оюндары» турнири дүйнөнүн 34 өлкөсүнөн келген 800дөн ашуун спортчунун башын кошту. Мелдештин жалпы байге фонду 4 миллион доллардан ашат.

Которгон: Назира Бегалиева