Казакстанга Оман Султаны мамлекеттик сапар менен келди

Казакстанга Оман Султаны мамлекеттик сапар менен келди

Казакстанга Оман Султаны мамлекеттик сапар менен келди. Хайсам бен Тарик Аль Саид отурган учак менен өлкө чек арасынан борборго чейин аскердик аба күчтөрүнүн учактары коштоп учушту. Президент Касым-Жомарт Токаев урматтуу конокту Астана аэропортунан тосуп алды. Учуу тилкесинде Ардактуу күзөт ротасы жана Президенттик оркестр сап түзүп турушту.

Тосуп алуу аземинен кийин аэропорттун залында эки өлкө башчылары кыскача баарлашты. Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жагынан Оман Султанынын сапары тарыхый мааниге ээ экендигин айтты. Ошондой эле, ал өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин жана алдыда кызматташтыктын чөйрөсүн кеңейтүү милдети турарын баса белгиледи. Хайсам бен Тарик Аль Саид жылуу тосуп алгандыгы үчүн Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылыгын айтып, алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн мазмундуу жана жемиштүү өтөрүнө ишенимин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков