Казакстандын Президенти Түркмөнстанга иш сапары менен барды

Казакстандын Президенти Түркмөнстанга иш сапары менен барды

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жумушчу сапар менен Түркмөнстанга барды. Мамлекет башчысын аэропортто Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов тосуп алды. Бул жерде Президент Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын сегизинчи консультативдик жолугушуусуна, КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Каспий экологиялык саммитине катышуусу пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков