Президент Касым-Жомарт Токаев жаңы министр Арман
Кырыкбаев менен жолугушууда Маданият, маалымат министрлигинин артыкчылыктуу
багыттарын жана конкреттүү максаттарын белгиледи. Мамлекет башчысы министрликке
чыгармачыл индустрияларды өнүктүрүүнү, тарыхый жана маданий мурастарды сактоо,
жайылтуу боюнча күч-аракеттерди күчөтүүнү, ошондой эле улуттук маданияттын эл
аралык аренада катышуусун кеңейтүүнү тапшырды. Мамлекеттик маалымат саясатынын
маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Президент ата мекендик медиа мейкиндигинин
позициясын, анын ичинде заманбап санариптик реалдуулукту чагылдыруу үчүн
мыйзамдарды өркүндөтүү аркылуу бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи. Андан
тышкары, мамлекет башчысы министрликке коомдук ынтымакты чыңдоо, казакстандык
жаштардын дараметин ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча аракеттерди
улантууну тапшырды.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

