БРИКС саммитинин алкагында Касым-Жомарт Токаев делегация башчылары жана чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Ал Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы шейх Халид бин Мухаммед бен Заид Аль Нахайян менен ири инвестициялык долбоорлорду талкуулады. Бул долбоорлор энергетика, транспорт жана логистика, маалыматтык технологиялар жана айыл чарба тармактарын камтыйт. Алар соода көлөмүн көбөйтөт деп күтүлүүдө. Мамлекет башчысы БАЭнин президенти шейх Мухаммед бен Заид Аль Нахайянга эң жакшы каалоолорун айтып, Казакстанга сапарын чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.
Касым-Жомарт Токаев АКШ
Президентинин атайын өкүлү Серджио Гор менен кеңейтилген казак-америка
стратегиялык өнөктөштүгүнүн динамикалуу өнүгүшүн талкуулады. Жолугушуунун
жүрүшүндө жасалма интеллект жана санариптештирүүгө басым жасоо менен
биргелешкен иштин багыттары да талкууланды. Серджио Гор Астана менен
Вашингтондун ортосундагы мамилелердин болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлин
белгиледи. Ал эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы тыгыз жана ишенимдүү
байланыштар кызматташууга жаңы дем бергенин белгиледи.
Президент Касым-Жомарт Токаев менен Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед соода жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Тактап айтканда, алар Казакстанда эфиопиялык чай, кофе жана гүл жеткирүү боюнча хаб түзүү маселесин талкуулашты. Эфиопия ошондой эле өлкөдө элчилик ачуу маселесин карап жатат. Президент Абий Ахмедди Казакстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушууда мамлекет башчысы аны БРИКС саммитинин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Тараптар энергетика, санариптештирүү, билим берүү жана туризм тармактарында кызматташууну активдештирүү жөнүндө макулдашышты. Ошондой эле, Астана хабы менен Хайдарабад Киберабад экосистемасынын ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Индиянын премьер-министрин Казакстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.
Ошондой эле, мамлекет башчысы дүйнөлүк лидерлер жана дүйнөлүк уюмдардын жетекчилери, анын ичинде Орусия менен Бурундинин президенттери, Малайзия менен Вьетнамдын премьер-министрлери, БУУнун Башкы катчысы, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана дүйнөлүк соода уюмунун башкы мүдүрлөрү менен бир катар кыскача жолугушууларды өткөрдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

