2025-жылы
Батыш Казакстан облусуна 900 миллиард теңгеге жакын инвестиция тартылды. Бул
өткөн жылга салыштырмалуу 16% ашык көп. Облустун социалдык-экономикалык
өнүгүүсү тууралуу Казакстандын Президентине облус башчысы Нариман Түрегалиев
маалымдады. Батыш Казакстан облусунун ички дүң өнүмүнүн
көлөмү 5 триллион теңгеге жетти. Көрсөткүчтөр өсөт,
анткени жакынкы арада Карачаганактан жылына 5 миллиард куб метр
газ өндүрүү кубаттуулугу бар газды кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталат.
Транспорттук инфраструктуралык долбоорлорго келсек, жылдын аягына чейин облуста
Жайык дарыясы аркылуу жаңы көпүрөнүн курулушун баштоо
пландалууда. Төрт реконструкцияланган темир жол бекети ишке киргизилди, ал эми
казак-орус чек арасында «Сырым» автоунаа өткөрүү пункту модернизацияланууда.
Которгон: Назира Бегалиева

