Казакстандын Президенти Коргоо министринин орун басарларын кабыл алды

Казакстандын Президенти Коргоо министринин орун басарларын кабыл алды

Казакстандын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн Жогорку Башкы колбашчысы Коргоо министринин биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы Айткурман Омарбековду жана Коргоо министринин орун басары Татьяна Савельеваны кабыл алды. Президентке аскерлердин күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын абалы, резервдик даярдык, армияны каржылоонун абалы тууралуу маалымат берилди. Чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого багытталган бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду. Касым-Жомарт Токаев Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жана аскердик даярдыгынын сапатын жогорулатууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков