Курултайга депутаттарды
шайлоонун алгачкы ийгиликтүү өтүшү менен мамлекет башчысын телефон аркылуу
Өзбекстандын Президенти куттуктады. Касым-Жомарт Токаев Шавкат Мирзиёевге
колдоо көрсөткөндүгү жана Өзбекстандан байкоочулар миссиясын, анын ичинде эл
аралык уюмдардын курамында жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Курултай
өлкөдө прогрессивдүү, заманбап жана адилеттүү Казакстанды курууга багытталган
саясий реформалардын маанилүү бөлүгү экендигин да айтты. Сүйлөшүү учурунда
соода-экономикалык байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Казак-өзбек мамилелеринин достук жана
стратегиялык өнөктөштүк духунда чыңдалып жаткандыгына канааттангандыктарын
билдиришти.
Которгон: Назира
Бегалиева

