Казакстандын Президенти Испания Королун ДЧ-2026дагы жеңиши менен куттуктады

Казакстандын Президенти Испания Королун ДЧ-2026дагы жеңиши менен куттуктады

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Испаниянын Королу Фелипе VIны футбол боюнча дүйнө чемпионатында улуттук курама команданын жеңиши менен куттуктады. Мамлекет башчы команданын жогорку чеберчилигин, ырааттуу оюн тажрыйбасын жана жеңишке умтулуусун билдирди. Ал Испаниянын футболду өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери көптөгөн өлкөлөр үчүн үлгү болгонун баса белгиледи. Президент ошондой эле падыша Фелипе VIга ийгиликтерди, ал эми Испания элине бакубатчылыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, быйыл Казакстанда «Атлетико Мадрид» клубунун академиясынын ачылышын өзгөчө белгилеп кетким келет. Бул демилге биздин элдердин ортосундагы достукту жана көп кырдуу кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле жаштардын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө күчтүү түрткү берет деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков