Казакстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн санариптик технологияларды активдүү колдонуп жатышат. Жыл башынан бери видеобайкоо системаларынын жардамы менен 2,2 миңден ашуун адам аныкталып, кармалды. ДНК-анализди камтыган заманбап криминалистикалык изилдөөлөр көп жыл мурунку кылмыштарды иликтөөгө жардам берет. Мындай 2,5 миңден ашуун кылмыш ачылды. Иштин жүрүшү тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаевге Ички иштер министри билдирди. Ержан Саденов белгилегендей, чет элдик укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү кеңейтилүүдө. Издөөдө жүргөн миңден ашуун адамдын орду аныкталып, 154ү өлкө сыртында кармалды. Жалпысынан тогуз айда кылмыштуулук 15%, интернет-алдамчылык 21% азайды. 9 миңге жакын алдамчылык жана фишинг сайттары бөгөттөлүп, 187 миллион алдамчылык чалуулардын алдын алынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

