Казакстандын Президенти Эл аралык шахмат федерациясынын башчысын кабыл алды

Казакстандын Президенти Эл аралык шахмат федерациясынын башчысын кабыл алды

Президент Касым-Жомарт Токаев FIDE эл аралык шахмат федерациясынын башчысы болуп шайланышы менен Тимур Турловду куттуктады. Мамлекет башчысынын айтымында, бул Казакстандын жана ата мекендик шахмат мектебинин дүйнөлүк аренада өсүп жаткан беделин тастыктайт. Президент өлкөдө шахмат активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө шахмат менен системалуу түрдө 278 миңден ашуун адам алектенет. Акыркы ийгиликтердин катарында Самаркандда өткөн Дүйнөлүк шахмат олимпиадасында Казакстандын аялдар курама командасынын күмүш медалы бар. Ошол эле учурда Касым-Жомарт Токаев жаңы милдеттерди да койду. Ал курама командалардын даярдыгын күчөтүү, жаш таланттарды натыйжалуу издөө жана даярдоо, билим берүү системасында шахматты жайылтуу, аймактарда инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, тараптар Казакстандын FIDE менен кызматташуусун талкуулашты – бул машыктыруучулардын жана калыстардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен билим берүү долбоорлору жана өлкөдө ири эл аралык мелдештерди өткөрүүгө тиешелүү. Өз кезегинде Тимур Турлов Мамлекет башчысына колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, дүйнөдө шахматты мындан ары жайылтуу, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландары менен бөлүштү.

Которгон: Илгиз жамалбеков