Казакстандын президенти Елена Рыбакина менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев спортчуну АКШнын ачык чемпионатындагы жеңиши жана теннис боюнча дүйнөнүн биринчи ракеткасы макамы менен куттуктады. Мамлекет башчысы бул ийгиликтин тарыхый маанисин жана Елена Рыбакинанын казакстандык спортту өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымын өзгөчө белгиледи. Президент ошондой эле мекендешибиздин аянтчада да, адамдар менен баарлашууда да жогорку маданиятын баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаевдин пикири боюнча, бул Казакстанды өнүккөн жана цивилизациялуу, спортту колдогон мамлекет катары көрсөтүү жагынан да чоң мааниге ээ. Елена Рыбакина колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да ата мекендик күйөрмандарды жеңиштери менен кубандырып, жогорку натыйжаларга жетишүүнү көздөп жатканын баса белгиледи. Жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев Елена Рыбакинаны көрүнүктүү спорттук жетишкендиктери жана теннисти өнүктүрүүгө, жайылтууга кошкон чоң салымы үчүн III даражадагы «Барыс» ордени менен сыйлады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Келечекте чоң спортто ийгилик каалайм, Сиздин жеңиштериңизден кийин биздин балдар тенниске кызыгып, көп сандаган секцияларга жазылып, чемпион болгусу келишет. Сиз биздин балдарга жакшы үлгү көрсөтүп жатасыз, бул абдан жакшы.
Елена Рыбакина, Дүйнөнүн биринчи ракеткасы/теннис
– АКШнын ачык чемпионатында жеңишке жана рейтингде мындай максатка жеткениме абдан сыймыктанып, кубанып турам. Мындай медалга ээ болгонум чоң сыймык, бүткүл Казакстанга, ата-энеме, командама ыраазычылык билдирем. Жаш муундарды шыктандырууну уланта алам деп үмүттөнөм. Мындан ары кайсы багытта өнүгө аларымды көрөбүз, бирок максаттар абдан чоң.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

