Казакстандын транспорт
тармагына санариптик технологиялар жана жасалма интеллект кеңири киргизилет.
Алар автоунаа жолдорун, темир жол жана аба транспортун камтыйт. Өлкөдө буга
чейин ийгиликтүү иштеп жаткан мисалдар бар. Атап айтканда, e-Joldar системасы
республикалык маанидеги 41 миңден ашуун чакырым жолду санариптештирди. Ал эми
Smart Cargo 58 маалыматтык системанын маалыматтарын бириктирип, эл аралык
жүктөрдүн кыймылын онлайн режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бул
платформанын жардамы менен жүктөрдүн чек арадан өтүү убактысы үчтөн бирине
кыскарып, ташуучулардын күтүү убактысы он эсеге азайды. Жасалма интеллект
жолдогу кырдаалды талдоо жана тобокелдиктерди алдын ала болжолдоо үчүн да
колдонулат. Ошол эле учурда өлкөнүн аэропортторунда Q-Gate биометрикалык
терминалдары киргизилүүдө. Алар казакстандыктарды жүзү жана паспорту аркылуу
бир нече секунддун ичинде тааный алат. Ал эми QazETA системасы чет өлкөлүк
туристтерге электрондук кирүү уруксатын алдын ала тариздөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Темир жол тармагында поезддерди техникалык кароону тездеткен KinetiX системасы
ишке киргизилди. Ал эми Trip Optimizer поезд курамдарын башкаруу процессин
автоматташтырат. Премьер-министр Олжас Бектенов бул жаңы чечимдерди өлкө боюнча
ишке киргизүүнү тездетүүнү тапшырды.
Думан Сембаев, «Kazdream
Special Systems» башкы
мүдүрү:
– Smart Cargo долбоору
мамлекет башчысынын тапшырмасы менен бугу айында ишке киргизилген. Smart Cargo
процесстерди автоматташтыруу жана санариптештирүү аркылуу жүктөрдүн өлкө аймагы
аркылуу туура жана ыкчам өтүшүн камсыз кылат. Система жүктүн кыймылын мамлекет,
ошондой эле жүк жөнөтүүчүлөр жана жүк алуучулар үчүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк
берет. Эң негизгиси, мамлекеттин көз карашынан алганда, Smart Cargo экспорт,
импорт жана транзит багытында өтүп жаткан бардык жүк агымдарынын түзүмү менен
мазмунунун ачык-айкындуулугун камсыз кылат.
Серик Имашев, «Жол
активдеринин сапаты боюнча улуттук борбор» республикалык мамлекеттик
ишканасынын башкы мүдүрү:
– «E-Joldar» системасы
«КазАвтоЖол», Улуттук сапат борбору жана «КаздорНИИ» сыяктуу уюмдардын 12
системасын бириктирет. Бул система жолдордун санариптештирилишин реалдуу убакыт
режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет: долбоорлоо жана куруудан тартып, оңдоо
иштерине жана пайдаланууга берилгенге чейинки бардык этаптарды камтыйт. Система
аркылуу долбоордун ишке ашырылышын толугу менен көзөмөлдөп, анда кандай
материалдар колдонулганын жана иштерди ким аткарганын да аныктоого болот.
Которгон: Назира Бегалиева

