Казакстандын чыгышындагы байыркы Калжыр шаарчасы Биринчи Түрк каганатындагы аймактардын бирин башкарган өкүмдардын ордосу болушу мүмкүн. Мындай версияны Казакстандын Аль-Фараби атындагы улуттук университетинин археологдору Зайсан ойдуңунда казуу иштеринен кийин карап жатышат. Радиоуглероддук талдоонун алгачкы жыйынтыктары эстеликти VI–VII кылымдарга таандык деп эсептейт. Экспонаттардын арасында айнек, сырдалган шыбактын сыныктары, кооздолгон идиштер жана ичинде шылдырагы бар куштун адаттан тыш чоподон жасалган айкели бар. Калжыр шаарчасынын аянты 25 гектардан ашат. Структурасы боюнча Калжыр Казакстандын башка белгилүү шаарчаларынан айырмаланат. Окшош эстеликтер азыркы Монголиянын жана Туванын аймактарынан кездешет. Чоң аймагы жана жука маданий катмары окумуштууларга Калжырды мүмкүн болгон административдик борбор катары кароого мүмкүндүк берет. Азыр адистер экспонаттарды кылдаттык менен изилдеп жатышат. Кошумча анализдер шаарчанын датасын жана тарыхый ролун тактоого жардам берет.
Никита Константинов, экспедиция башчысы, КазНУнун археология, этнология жана музеология кафедрасынын доцент-изилдөөчүсү:
– Жалпысынан бул эстеликтин датасын аныктоо Борбордук Азиянын археологиясы жана Евразия талааларын изилдөө үчүн чоң мааниге ээ. Анткени VI кылымдын экинчи жарымы жана VII кылымдын башына таандык мындай эстеликтер мурда белгилүү болгон эмес. Андыктан бул тарыхый табылга уникалдуу байыркы объект деп ишенимдүү айта алабыз. Чынында, бул абдан маанилүү ачылыш болуп саналат. Түрк каганатынын тарыхын чагылдырган баалуу буюмдар табылган. Анткени бул өзүн түрк деп атаган, калк түзгөн биринчи каганат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

