Казакстандын мамлекеттик органдары бирдиктүү QazTech санариптик платформасына өткөрүлдү

Казакстандын мамлекеттик органдары бирдиктүү QazTech санариптик платформасына өткөрүлдү

Казакстан санариптик мамлекетти курууну улантууда. Өлкөдөгү бардык мамлекеттик маалыматтык системалар QazTech бирдиктүү платформасына которулуп жатат. Ал чын куран айынын 1инде ишке кирген. Азыркы учурда, жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, бардык мекемелер бул аянтчада иштеп жатышат. 10 система толугу менен которулуп, 36сы маалыматтарды которууну аяктоо этабында, 25и иштеп жатат. Ошол эле учурда, кызматтарды QazTechке которгондон кийин, бузулуулардын саны азайган. Бул быйыл биринчи класска балдарды кабыл алууга 365 миңден ашык арызды кароого мүмкүндүк берди. Электрондук өкмөттүн шлюзунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2,5 эсеге жогорулады. Өлкөдө eGov 3.0 акыркы версиясы иштеп жатат, ошондой эле казакстандыктарды eGov GPT санариптик жардамчысы тейлей баштады. 

Жаслан Мадиев, Казакстандын премьер-министринин орун басары –Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри:

– Бул кызматка буйрутма берүүнүн дагы бир жеңил жолу. Мурда жаран кайсы мекемеге кайрылууну, кайсы форманы толтурууну, кандай документтерди чогултууну өзү билчү. Азыркы учурда жашооңуздун абалын кыскача сүрөттөп берүү жетиштүү, мисалы, «мага жашоого уруксаат керек» же «быйыл балам мектепке барат». eGov GPT өзү кайсы кызмат керектигин аныктап, сиз үчүн арызды даярдап, ишти аягына чейин жеткирет.

eGov GPTни казакстандыктар 150 миңден ашык жолу колдонушту. Жакын арада санариптик жардамчы улуттук Aitu мессенджеринде да жеткиликтүү болот. Кулжа айынан баштап уюлдук телефондун балансы нөл болгон учурда да eGov жана Aitu кызматтарын колдонсо болот. Бизнес үчүн санариптик чечимдер да өнүгүп жатат. Жаңыртылган eGov Business ишкерлерди бардык баскычтарда коштоп жүрөт – компанияны каттоодон жана эсеп ачуудан баштап, лицензияларды алууга жана документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чейин. Аяк оона айында эле платформада Smart Contract сервисин ишке киргизүү пландалууда. Ал санариптик кол тамганы колдонуу менен келишимдерди толугу менен электрондук форматта түзүүгө мүмкүндүк берет.

Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:

– Улуттук экономика министрлиги «Атамекен» палатасы менен бирге жылдын аягына чейин кызматтарды кайра иштеп чыгып, тездетүү жана eGov Business порталына чыгарууну жүргүзсүн. «Электрондук лицензиялоо» порталынын иши боюнча да суроолор бар. Уруксат берүү жана лицензиялоо тутумун толугу менен модернизациялоо талап кылынат. Жасалма интеллект министрлиги мамлекеттик органдар менен бирге бул ишти 6 айдын ичинде аяктасын.

Которгон: Назира Бегалиева