Быйылкы жылдын тогуз айында Казакстандын экономикасы 4,2 пайызга өстү. Өсүшкө негизги салымды курулуш, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт жана соода тармактары кошту. Бул тармактарга ички дүң өнүмдүн жалпы өсүшүнүн 80% ашыгы туура келди. Мындай жыйынтык ишкердик активдүүлүккө өбөлгө түздү. Чакан жана орто бизнестин ошондй эле өз алдынча иштегендердин саны үчтөн бирге көбөйүп, 3 миллиондон ашты. Ал эми жалпы белгиленген режимде иштеген, анын ичинде кошумча нарк салыгын төлөөчүлөрдүн саны 28% өстү. Инвестициялар дагы өсүш драйвери бойдон калууда. Үчтүн айы, аяк оона айларында негизги капиталга салынган инвестициялар 16 трлн теңгеден ашты, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 7% көп. Ал эми жеке инвестициялар 18% өстү.
Олжас Бектенов, Казакстан премьер-министри:
– Инвестициялык саясаттын концепциясына ылайык, жакынкы беш жылда негизги капиталга салынуучу инвестициялардын көлөмү үч эсеге көбөйүшү керек. Буга байланыштуу, өлкөгө технологияларды, компетенттүүлүктү жана жаңы рыноктарга кирүү мүмкүнчүлүгүн алып келе турган ири инвесторлорду издөө боюнча иштерди активдештирүү зарыл. Ошону менен бирге, Казакстандын узак мөөнөттүү стратегиялык кызыкчылыктарын чагылдырган жаңы муундагы билимди көп талап кылган өндүрүштүн кыймылдаткычына айланышы үчүн «инвестициялык буйрутма» механизмин өркүндөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

