Казакстандын чийки зат эмес экспорту 20% жакын өстү

Казакстандын чийки зат эмес экспорту 20% жакын өстү

Казакстан чийки зат эмес экспортту көбөйтүүдө: жыл башынан бери анын көлөмү дээрлик 20%га өсүп, 18,5 миллиард доллардан ашты. Жалпы экспортто даяр өнүмдүн үлүшү 36%дан ашты. Эң көп унаа жасоо, металлургия, химия өнөр жайы жана азык-түлүк товарларынын жеткирүүлөрү өстү. Казакстандын чийки зат эмес өнүмдөрүнүн башкы импорттоочусу Кытай болду. Андан кийин Орусия, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстан турат. Өлкө бул динамиканы даяр өнүмдү жана жогорку кошумча нарктуу товарларды жеткирүүнү көбөйтүү аркылуу сактап калууну көздөйт. Акыркы беш жылда алардын көлөмү дээрлик 2,5 эсеге өстү.


Айдар Абилдабеков, Соода жана интеграция вице-министри:


– Жогорку кошумча нарктуу даяр өнүмдү экспорттоону көбөйтүү үчүн 70 артыкчылыктуу товардын тизмеси түзүлдү. Буга металлургия, химия жана мунай-химия өнөр жайларынын онүмдөрү, жер семирткичтер, полимерлер, курулуш материалдары, электротехникалык өнүмдөр, ошондой эле дан жана май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү азыктар кирди.


Тышкы рыноктарга чыккан компанияларга колдоо да кеңейтилүүдө. Бизнестерге маркетинг, сертификация жана товарларды жеткирүү боюнча чыгымдарынын бир бөлүгү кайтарылып берилет. Бул үчүн өткөн жылы 6 миллиард теңге жумшалды. Мындан тышкары, Экспорттук-насыялык агенттиктин линиясы боюнча экспорттук операцияларды колдоо көлөмү 653 миллиард теңгеге жетти. Каражаттын көбү металлургия жана тамак-аш өнөр жайына багытталды. Дагы бир жагдай – жардам багытталган мүнөзгө ээ болууда. Быйыл экспорттук акселерация программасына 125 ишкана кирди. Ар бири үчүн жеке стратегия иштелип чыгып, Кытай, Орусия, Ооганстан, Таиланд, Нидерланды, Монголия жана Түндүк Македонияга соода-экономикалык миссиялар уюштурулду.


Айдар Абилдабеков, Соода жана интеграция вице-министри:


– Быйыл министрлик тарабынан 15 соода-экономикалык миссия пландаштырылган. Анын ичинде, бизде ар бир өлкөдө чет элдик мекемелер, дипломатиялык өкүлчүлүктөр бар. Ошол өлкөлөрдүн бизнеси, эгерде бизде чындап өндүрүлгөн кандайдыр бир өнүмгө кызыкдар болсо, биз аракет кылабыз. Бул географияны кеңейтип, биздин соода өкүлдөрүнүн санын көбөйтөбүз деп үмүттөнөбүз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков