Казакстандыктардын 71% добуш берүүнү жарандык милдет деп эсептейт

Казакстандыктардын 71% добуш берүүнү жарандык милдет деп эсептейт

Курултай депутаттарын шайлоого катышууну казакстандыктардын 70% ашыгы жарандык милдети деп эсептейт. Бул тууралуу Евразия интеграциясы институтунун изилдөөсүнүн жыйынтыктары көрсөтүп турат. Жеке интервью учурунда Казакстандын 17 облусунан, ошондой эле Астана, Алматы жана Шымкент шаарларынан 4 миң адам сурамжыланган. Респонденттердин көпчүлүгү Казакстанда жүргүзүлүп жаткан саясий реформаларды да колдойт. Алдыдагы шайлоого болгон кызыгуу да жогору бойдон калууда. Респонденттердин 68% Курултайга шайлоодон оң өзгөрүүлөрдү күтүшөт. 43% ашыгы шайланган депутаттар жарандардын кызыкчылыктарын натыйжалуу коргойт деп үмүттөнүшөт. Изилдөө шайлоочулардын активдүүлүгүнүн өсүшүн жана бийликтин ачык-айкындыгына, экономикалык өнүгүүгө жана өлкө жашоосундагы реалдуу өзгөрүүлөргө болгон коомдук суроо-талаптын жогору экендигин да көрсөттү. Ошол эле учурда, сурамжылангандардын 78%дан ашыгы шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүүгө үзгүлтүксүз катышарын билдиришкен.


Которгон: Назира Бегалиева