Казакстандыктар Tech Orda программасы аркылуу IT-кесибине ээ боло алышат

Казакстандыктар Tech Orda программасы аркылуу IT-кесибине ээ боло алышат

18 жаштан 45 жашка чейинки казакстандыктар Tech Orda программасынын жардамы менен суроо-талапка ээ болгон IT кесибин алып, квалификациялуу санариптик адис боло алышат. Astana Hub программанын бешинчи, юбилейлик этабына арыздарды кабыл алууну баштады. Быйыл өлкө боюнча каттоодон өткөн IT мектептерде окутуу үчүн 3 миңге жакын ваучер каралган. Катышуучулар үчүн программалоо жана Data Science'тан баштап, Жасалма интеллект, Full-Stack иштеп чыгуу жана продукт менеджментке чейин 200гө жакын курстар бар. Окутууну онлайн, офлайн же гибриддик форматта өтсө болот. Ваучерлердин өлчөмү – оффлайн курстар үчүн 500 миң теңгеге чейин, ал эми онлайн жана гибриддик программалар үчүн 400 миң теңгеге жакын. Белгилей кетсек, 2022-жылдан бери Tech Orda программасы аркылуу 12,5 миңден ашык казакстандык билим алган. Натыйжада – бүтүрүүчүлөрдүн 90% жумушка орношкон, ал эми үч миңден ашык катышуучу курстарды аяктагандан кийин кесибин толугу менен алмаштырып, IT тармагында карьерасын баштаган. Программага катышууга аяк оона айынын жетисине  чейин Astana Hub порталы же мобилдик тиркемеси аркылуу арыз берсе болот.

Жулдыз Жумадилова, Astana Hub каржылоо программалары кеңсесинин мүдүрү:

– Бизде мектептерге коюлган талаптар бар, башкача айтканда, Астана хабдын резиденти, мындай курстарды окутуу боюнча тажрыйбасы болушу керек. Ошондой эле биз текшерген окуу программаларына да талаптар бар. Бизде мектептерди тандоону жүргүзгөн жетиштүү компетенттүү комиссия бар, алар сунуштаган программанын актуалдуулугуна, учурдагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү акыркы талаптарга канчалык деңгээлде жооп берерине жараша тандашат. Мектептер бир нече критерийлердин негизинде тандалып алынат.

Которгон: Назира Бегалиева