Казакстанда чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын жаңы филиалдары ачылат

Казакстанда чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын жаңы филиалдары ачылат

Казакстанда алдыңкы чет элдик университеттердин жаңы филиалдары ачылат. Өлкө жогорку билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү улантууда. Мисалы, Семейде Австралиянын Мёрдок университетинин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгү илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек менен университеттин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды. Тараптар Шакарим университети менен Мёрдок университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документ биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду өнүктүрүүнү, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн, ошондой эле адистерди даярдоо программаларын иштеп чыгууну карайт. Мындан тышкары, Казакстан Жапония жана Түштүк Корея университеттери менен өнөктөштүктү бекемдөөдө. Атап айтканда, Токио Метрополитан университети жана БУУнун университети менен. Ал эми Алатау шаарында Түштүк Кореянын алдыңкы технологиялык университеттеринин бири – Кореянын алдыңкы технологиялар институту – KAIST кампусун куруу пландалууда. Бул жасалма интеллект, санариптик технологиялар жана инженерия чөйрөсүндө адистерди даярдоону кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Тиешелүү министрлик баса белгилегендей, казак университеттери башка түштүк кореялык университеттер менен кош дипломдук программаларды өнүктүрүп жатышат. Атап айтканда, компьютер илимдери боюнча программа ишке ашырылып, жасалма интеллект жана маалыматтык коопсуздук боюнча программаларды ишке киргизүү даярдалууда.

Которгон: Назира Бегалиева