Казакстандын долбоорлоруна араб капиталы кызыгуусун
билдирүүдө. Abu Dhabi Commercial Bank Kazakhstan каржылоонун көлөмүн дароо үч
эсеге көбөйтүүгө даяр. Мындан тышкары, учурдагы 2,5 триллион теңгеден
салымдарды кийинки бир жарым жылда көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу банктын мүдүрлөр
кеңешинин төрагасы Фарух Аль Марзуки премьер-министр Олжас Бектенов менен
жолугушууда билдирди. Артыкчылыктуу
багыттар деп - энергетика, темир жол инфраструктурасы, мунай химиясы,
логистика, реалдуу сектордогу долбоорлор аталды. Белгилей кетсек, 15 жылдын
ичинде Abu Dhabi Commercial Bank Kazakhstan 100дөн ашуун бизнес демилгесин
каржылаган. Жолугушуунун жүрүшүндө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу экономикалык
жана институционалдык реформалардын натыйжасында Казакстандын чет элдик капитал
үчүн жагымдуулугунун өсүшү да белгиленди.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

