Казакстанда участокттук шайлоо комиссиялары ишин баштады

Казакстанда участокттук шайлоо комиссиялары ишин баштады

Бүгүн Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Курултай депутаттарын шайлоого карата бюллетендин үлгүсүн сунуштады. Ал эки тараптуу жана көгүлтүр түстө жасалган. Бюллетендин алдыңкы бетине Мамлекеттик герб менен анын  аталышы, ал эми арты жагына БШК бекиткен тартипте саясий партиялардын аталыштары жана «Баарына каршы» деген сап жайгаштырылат. Бюллетендер коргоонун бир нече деңгээлине ээ болуп, шайлоочулардын санына жараша 1%дык резерв менен басылып чыгат. Шайлоо тилкелерине жеткирүү добуш берүүгө үч күн калганда башталып, добуш берүү башталардан бир күн мурда аяктайт. Муну менен катар бүгүн өлкө боюнча Участокттук шайлоо комиссиялары да ишин баштады.


Нурлан Абдиров, КР борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:


– Бүгүндөн тарта өлкө боюнча участокттук шайлоо комиссиялары ишке киришти. Жалпысынан 10 миң 423 шайлоо тилкеси ачылды. Баш оона айынын 4нөн  17не чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана аппарат кызматкерлери менен бирге өлкөнүн 20 аймагына инспекциялык сапар менен барабыз. Сапарда шайлоо тилкелеринин даярдыгы, алардын материалдык-техникалык жактан камсыздалышы, шайлоочуларга маалымат берүү жана байланыш борборлорунун иши бааланат.

Которгон: Назира Бегалиева