Казакстанда Санариптик иш менен камсыз кылуу кызматы ишке киргизилип жатат.
Жасалма интеллекттин жардамы менен ал өз алдынча казакстандыктар үчүн ылайыктуу
вакансияларды тандап алат. Бул жумушка орношуунун активдүү ыкмасы деп аталат.
Жасалма интеллект жарандардын анкеталык маалыматтарынын негизинде
жекелештирилген сунуштоолорду тандап алат жана бул алардын жашаган аймагы менен
гана чектелип калбайт. Андан тышкары, башка аймакка көчүп барууну каалагандар
үчүн санариптик системасы көчүп кетүү жолдорун көрсөтөт. Бардык бош орундар
жумуш берүүчүлөрдүн сунуштарын эске алуу менен түзүлөт. Ылайыктуулар
аныкталгандан кийин казакстандыктарга eGov жана Enbek.kz мобилдик тиркемелери
же электрондук өкмөттүн байланыш борборунан SMS аркылуу билдирүүлөр жөнөтүлөт.
Система окутуу жана кайра даярдоо үчүн атайын курстарды сунуштайт. Натыйжада, Эмгек
жана калкты социалдык коргоо министрлигинин айтымында, жасалма интеллект казакстандыктарды ар бир этапта
- жумушка орношконго чейин коштоп, колдоо көрсөтөт.
Аскарбек Ертаев, Казакстандын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министри:
- Теке айында бул кызмат
Павлодар облусунда ишке киргизилген. Ушул мезгил аралыгында 39 миң SMS
жөнөтүлүп, 962 адам жумушка орношкон. Аяк оона айында бул кызматты Маңгыстау облусунда ишке киргизүү,
ал эми жыл аягына чейин – өлкөнүн бардык 20 облусуна жайылтуу пландалууда.
Ушундай эле кызмат Aitu мобилдик тиркемесинде да жеткиликтүү болот.
Которгон: Назира Бегалиева

