Казакстандын Президенти Дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

Казакстандын Президенти Дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

Казакстан бажы жол-жоболорун оптималдаштыруу үчүн санариптик чечимдерди колдонуп, «акылдуу чек ара» моделин ырааттуу түрдө иштеп чыгууда. Президент Касым-Жомарт Токаев бул тууралуу Акордада Дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Иэн Сондерс менен жолугушууда айтты. Мамлекет башчысы өлкө Евразиядагы транспорттук байланыштарды бекемдеп, жүктөрдү ташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жатканын баса белгиледи. Сондерс өз кезегинде Казакстандын бажы администрациясын жакшыртуу жана заманбап санариптик чечимдерди ишке ашыруу боюнча аракеттерин жогору баалады. Эки лидер дүйнөлүк соодадагы жаңы кыйынчылыктарды жана тенденцияларды талкуулашты. Борбордук Азиянын соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү, транспорттук-логистикалык дараметин чыңдоо келечегине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун аягында Касым-Жомарт Токаев коногуна өнөктөштүктү жана достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн 2-даражадагы Достук орденин тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков