Казакстанда Пржевальск жылкыларынын тукуму пайда болду

Казакстанда Пржевальск жылкыларынын тукуму пайда болду

Казакстанда Пржевальск жылкысынын алгачкы кулундары пайда болду. Ботай менен Тумар быйыл жайында Алтын Дала коругунда жайгашкан «Алиби» жапайы туяктуу жаныбарларды реинтродукциялоо борборунда туулду. Бул 2024-жылы Берлин зоопаркынан Казакстанга келген бээлердин биринчи тукуму. Кулундарга ысымдар бекеринен коюлган эмес. Ботай - адам менен жылкынын өз ара мамилесинин тарыхына байланыштуу археологиялык маданиятты билдирет. Ал эми Тумар - салттуу казак тумарын символдоштурат. Азыр кулундарга бир айдан ашты. Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги «Жапайы жылкыларды кайтаруу» долбоорунун жаңы этабы болгондугун жана казак талаасында Пржевальск жылкысынын жаңы муунун түзүүгө жол ачкандыгын белгилешет.

Серикболсын Кулжанов, «Алтын Дала» мамлекеттик жаратылыш коругунун илим боюнча мүдүрүнүн орун басары:

– Азыр кулундар энелеринин жанында турушат. Алар жакшы өнүгүп, акырындык менен үйүргө көнүп жатышат. Жакында туулган жаныбарлар үчүн бул табигый процесс. Пржевальск жылкыларынын өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, кыска, тик турган жалы жана өзгөчө дене түзүлүшү айырмаланып турат. Алардын жүрүм-туруму да башкача. Бул алардын жапайы жаратылыштагы жашоо образы менен байланыштуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков