Казакстанда бүгүн
жаңы бир палаталуу Курултайга алгачкы шайлоо өтүп жатат. 10 миңден ашык шайлоо
участкасы жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 7ден кечки саат 20:00гө чейин иштейт.
Алардын 79у 61 мамлекеттеги казак өкүлчүлүктөрүндө жайгашкан. Бардык 145
депутаттык мандат бирдиктүү жалпы улуттук округ аркылуу пропорционалдык система
боюнча бөлүштүрүлөт. Курултайдагы орундар үчүн 7 партия ат салышууда, алардын
тизмесинде 545 талапкер катталган. Шайлоонун жүрүшүн казакстандык жана эл
аралык байкоочулар көзөмөлдөп жатышат. БШКнын маалыматы боюнча, 42 чет
мамлекетти жана 13 эл аралык уюмду көрсөткөн 777 эл аралык байкоочу
аккредитацияланган. Добуштарды эсептөө участкалар жабылгандан кийин башталат. Шайлоонун
жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы аяк оона айынын биринен кечиктирбестен аныкташы керек.
Которгон: Назира Бегалиева

