Казакстанда Курултай шайлоосуна партиялык тизмелерди каттоо уланууда

Казакстанда Курултай шайлоосуна партиялык тизмелерди каттоо уланууда

Курултайдын депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон үч саясий партия өттү. Алардын арасында: «Ак жол», Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы жана Respublica бар. Акыркы партиянын тизмесиндеги талапкерлердин жарымынан көбүн аялдар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар түзөт. Бардык талапкерлерди Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга жол берди. Алар Конституциянын жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарына жооп берет.


Олжас Куспеков, «Respublica» партиянын төрагасынын орун басары:


– Талапкерлердин орточо жашы 40,9 жаш. Тизменин курамында 44 эркек жана 31 аял бар, талапкерлердин 12% 35 жашка чейинкилер болуп саналат. Эң жаш талапкер 27де болсо эң улуусу 55те. Партиялык тизменин негизги бөлүгүн ишкерлер түзүп, 69,3% болду.


Ал эми Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясынын тизмесинде 14 аял, талапкерлердин 30% ашыгы - жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген  адамдар.


¤Асхат Рахимжанов, Жалпы улуттук социал-демократиялык партиянын төрагасы:


– Бул өтө олуттуу аянтча, өтө жооптуу милдет. Партия кадрларды, ишти жакшы билген, ага катышкан, биз менен узак убакыт бою кызматташкан, биздин идеалдарыбыз менен максаттарыбызды колдогон адамдар партиялык кадрлардын катарын толуктап жатат.


«Ак жол» партиясы 63 талапкерди көрсөттү. Алардын арасында 22 аял, ошондой эле жаштардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өкүлдөрү бар. Мурунку шайлоодо Мажилиске беш пайыздык босогодон өткөндүктөн, бардык үч саясий күч шайлоо акысын төлөөдөн бошотулду.


Дания Еспаева, «Ак жол» демократиялык партиясынын төрайымы:


– Бул биринчиден, аймактарда чоң тажрыйбасы бар адамдар. Булар ишкерлер, биздин облустук, райондук, шаардык жана маслихаттардын депутаттары. VIII чакырылыштагы депутаттардын ичинен, сиздер билгендей, VIII чакырылышта 6 депутатыбыз болгон, алардын баары толугу менен бул тизмеге кирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков