Казакстандын Президенти Орусиянын Ленинград облусунун губернаторун кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев жана Александр Дрозденко эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүдө аймактар аралык байланыштардын маанилүүлүгүн белгилешти. Тараптар соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү жана өнөр жай, энергетика, транспорт, айыл чарба тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы Ленинград облусунун өнөр жай жана транспорттук-логистикалык дараметин белгиледи. Өткөн жылы аймак менен товар жүгүртүү 400 миллион доллардан ашты. Өз кезегинде Александр Дрозденко Орусиянын президенти Владимир Путиндин саламын жолдоду. Ал ошондой эле аймакта Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинградды коргоого катышкан казакстандыктардын эрдиги тууралуу эскерүүлөр кылдат сакталып жатканын баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Орусиянын ортосундагы союздук мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн Александр Дрозденкону II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

