Казакстанда «Qazaq Creative» аттуу жаңы санариптик
платформа ишке киргизилди. Ал өлкөнүн чыгармачыл индустрияларынын өкүлдөрүн
бириктирет. Казакстандын бардык аймактарынан 700дөн ашык колдонуучу катталды.
Платформа портфолиолору жана аяктаган долбоорлору бар жаратуучулар үчүн бирдиктүү
маалымат базасына айланды. Порталда мамлекеттик колдоо чаралары, гранттар,
инвестициялар, билим берүү жана акселерация программалары жөнүндө маалымат
камтылган. Креативдүү индустрияларды өнүктүрүү фондунда
белгилешкендей, жаңы санариптик аянтча долбоорлорго каржылоо тартууга жана
авторлордун идеяларын илгерилетүүгө жардам берет. Мисалы, келечектеги музыканттар өз чыгармаларын түзүүдө
жана чыгарууда колдоого таяна алышат.
Алмас
Сагын уулу, Креативдик индустрияны өнүктүрүү фондунун башкарма
төрагасынын орун басары:
– Алар бизге кайрылса болот. Биз пост-продакшн иштерин кайсы жерде жүргүзүүгө болорун сунуштайбыз. Ошондой эле долбоорлорун андан ары өнүктүрүү үчүн каржылык колдоо алууга мүмкүнчүлүк түзөбүз. Эгер авторлор өз эмгектерин жарыялоочу аянтча таба албай жатышса, бирок аны бардык расмий музыкалык стриминг платформаларына чыгарууну каалашса, Фонддун алдында өзүнүн музыкалык лейбли иш алып барат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

